Turmush — Жанат Калыков менен Эржан Таштан уулу Ак-Суу районунун тургундары. Алар агрардык, ветеринардык билимин жана тажрыйбасын элге жайылтуу үчүн иш башташкандыгын аймактык кабарчыга айтып беришти.
Жанат менен Эржан таяке-жээн. Алар ишкерликти баштоодон мурун айылдаш дыйкан-фермерлерге маалымат беришкен.
«Мен Тепке айылынын тургунумун. Эки жыл мурда Бишкек шаарынан агрардык окуу жайын аяктагам. Айыл жергесиндегилер жер айдап, мал багуу менен күн өткөрөт эмеспи. Мага да бул иш жакын. Ошентип окуу учурунда дыйкан-фермерлер эмнеден улам чыгымга учурашарын жана экологиялык жактан таза продукцияны алууну терең окудум. Алган билимим менен жакындарыма жана айылдаштарыма кеп-кеңеш берип келдим. Бул ишти кеңири жүргүзүү үчүн Эржан менен сүйлөшүп дарыкана ачууну туура көрдүк», - дейт Жанат Калыков.
Алар жаз жана күз мал ылаңын алдын алуу жана малды туура багуу үчүн фермерлерге акысыз түшүндүрүү ишин жүргүзүшүүдө.
«Акыркы учурда ветеринарлардын жетишсиздигинен фермерлер өз билемдик же бирөөнүн көрсөтмөсү менен эле мал дарылап калышпадыбы. Муну токтотуу үчүн биз облус борбору Каракол шаарында иш баштадык. Туура кам көрүү менен дыйканчылыкта да, малчылыкта да зыянга учурабай пайда табуу болот. Бир жылдап күткөн кирешеси үчүн өз учурунда туура кам көрүү керек. Мисалы, дыйкан туура эмес жер семирткичти колдонсо, жер деградация болуп кийинки жылы түшүм бербей калат. Ошол үчүн экологиялык жактан таза жер семирткичтерди жана зыянкечтерге каршы дарыларды колдонуш керек. Биз ушул өңдүү маалыматтар менен бөлүшүп, дыйкан-фермерлерге жардам берүү үчүн иш баштадык», - деди Эржан Таштан уулу.