Turmush — Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Назгүл Стамакуновага ар тараптан колдоо көрсөтүлүп келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал учурда бир небереси менен жалгыз жашайт. Эки кыз, эки уулдун энеси. Азыркы учурда эки уулу тең абакта. Бир кызы оорудан улам каза болуп, экинчи кызы Бишкек шаарында турат.
«Н.Стамакунова райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда туруп, келген гуманитардык жардамдардан куру калбайт. Андан сырткары райондогу социалдык дүкөндөн кийим-кече менен камсыздалып турат. Ат-Башы айылындагы соода борборлорундагы атайын ачылган текчелерден бекер азык-түлүк алып турат.
Учурда жашап жаткан турак жайы жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу былтыр, 2020-жылы Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан шагыл, топурак түшүрүлүп, эски үйүнүн жанына жаңы тамдын пайдубалы түптөлүп, дубалдары тургузулган. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан курулуп жаткан үйүнө эшик-терезелер жеткирилип берилген.
Былтыр пандемияга байланыштуу курулуш иштери токтогон. Жаз алды менен курулуш иштерин кайрадан улантуу пландалууда.
Ал эми небересине жөлөк пул чектелбегендигинин себеби Н.Стамакунова наркологиянын каттоосунда болгондугуна байланыштуу сот чечип бере албайт», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Turmush басылмасы Назгүл Стамакунова небересин сөөк терип багып жаткандыгын жазган.