Turmush — Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушунун 46 жаштагы тургуну Рамис Сыдыков изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Алардын айтымына караганда, Сыдыков ушул жылдын 12-февралында болжол менен саат 16:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 165 см, оң бетинде кара так бар. Талма оорусу менен ооруйт. Кишиге маани бербейт, коркок.
Кийген кийимдери: көк түстөгү спорттук кийим, кара өңдөгү баш кийим, спорттук бут кийим.
Рамис Сыдыковду көргөн-билгендер 0706 300 509 жана 0999 06 12 06 номурларына кабарласа болот.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.