Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы унаа базарда Ысык-Көл облусунан келген эки жигит унаанын ичинде иске ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, 1990-жылы туулган Б. уулу М. жана 1996-жылы туулган Р.Р. унаанын кыймылдаткычын өчүрбөй, унаанын ичинде бир аз убакыт уктап алууну чечишкен. Көп өтпөй алар иске ууланышкан.
Сокулук райондук аймактык ооруканасынан алар жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганын билдиришти.
«Уулануу 22-февралда саат 11:50 чамасында болгон. Иске ууланган балдар неврология бөлүмүндө дарыланып жатышат. Учурда экөөнүн теӊ абалы жакшы, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган», - деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.