Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын 27 жаштагы тургуну Анара Жаныбек кызы уйгур жигитке турмушка чыккан.
2011-жылы Э.Кендирбаев атындагы орто мектепти бүтүп, Каракол шаарынын №2 лицейинде ашпозчулук боюнча 10 айлык курсту бүткөн. 2012-жылы ошол эле лицейде чачтарачтын окуусун аяктаган.
Акырын качып кеттим
Каракол шаарында 3 жылдай иштедим. Бирок айлык акысы аз болгондуктан, 2014-жылы Бишкек шаарында иштеп көрүүнү чечтим. Бул да буйрук экен. Шаарга келип, ашканада официант болуп ишке орноштум. Ал жерде ашкананын кожойкесине жактым окшойт. «Иним бар, ошону менен тааныш!» деп айта баштады. Мен балдар менен таанышууга көңүлүм жок эле. «Азыр күйөөгө тийбейм» деп айтсам да болбой, инисин чакырып тааныштырды. Мага бир көргөндө эле жакты. Бирок шек билдирбей жүрдүм.
Бир күнү ашканага кайненем менен кайнатам таанышалы деп келди. Алар менен таанышып, өз милдетимди аткарымыш болуп басып кеттим. Кожойкебиз менен бир аз сүйлөшүп, анан кетип калышты. Жолдошум болсо ашканага келип, тамак ичип, мага унчукпай эле кетип калчу.
Ошентип бир күнү аялдар келди. Кожойке менен өзүнчө топтошуп алып, бирдемени эле сүйлөшүп жатышты. Мен көңүл бурбай эле жумушумду жасап жатсам, кожойкем мага: «Тийбейм дейсиң. Мына сени бүгүн алып кетели деп пландаштырып жатабыз. Бизге сенин макулдугуңдун кереги жок» деди. Коркуп баштадым. Бирок ичимде күйөөгө тийгим келип жүргөн. Шаарга өзүмдүн жакын курбум менен келгем. Ал жатаканада турчу. Эптеп бирдеме ойлоп таап, паспортумду алдым. Анан акырын качып кеттим.
Азыр бактылуумун
Телефонума чалып, кат жазып жатышты. Бирөөнө да жооп берген жокмун. Жатаканада жашаган курбума телефон чалып, чемоданымды ылдый түшүрүп бер деп сурандым. Ашкананын кожойкеси курбумдун тааныштары да болуп калат. Жумушту ушул курбу кызым таап берген. Көрсө, кожойкем экөө эбак эле сүйлөшүп алышкан экен. Менин келе жатканымды айтып коюптур. Чемоданымды алайын десем эле кожойкем, жумуштагы эжелер жетип келишиптир. Коркконумду айтпай эле коеюн. Уятымдан эчтеке дей албай койдум.
Кожойке урушкан жок. «Мен тамашалап койгом» деп айтты. Ошентип мени кетирбей алып калды. Кайрадан иштеп, күйөөм менен жакындан сүйлөшө баштадым. 2 жума сүйлөштүк. Бирок азыр эч качан өкүнбөйм. Эң бактылуу аял жана энемин. Буйрук экен. Ошентип, 2015-жылы 25-январда үйлөндүк. 1 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз.
Жолдошум мыкты ата
Жолдошум Турсунахун Абабекирахунов 1988-жылы Ат-Башыда туулган. Уста, курулушта иштейт. Боорукер адам. Мыкта ата, мыкты дос, мыкты күйөө. Ал 3 бир тууган. Эң улуусу кайын эжем, жолдошум, андан кийин кичүү кайын сиңдим. Кожойкем (кайын эжем) тамашалап, «мен Анаранын апасы болом. Үйгө конок чакырганда мен төргө отурушум керек» деп калат. Азыр ошол кездерди эстеп, баарыбыз бир сыйра күлүп калабыз. Кандай болсо да бактылуу күндөр өттү. Бирөөгө бактылуу күндөрдү тартууласаң, сени өмүр бою жылмаюу менен эстеп жүрүшөрүн эч качан унутпаш керек экен.
Кайнагам көтөргөндө каткырып жибердим
Менин кайын журтум уйгурлар. Салты башка. Нике кыйылгандан кийин келинди чакыртышып, кайын журт ага алып келген белегин беришет. Андан кийин жүгүндүрүп, келинди жеңил болсун деп 3 жолу көтөрүшөт экен. Кары-жашы дебей баары көтөрүп чыгат экен. Эсимде, мага улам бирөө келип, белегин берет. Мен жүгүнөм, анан көтөрүп коюшат. Бир жездемдин бою 2 метр болчу. Ал көтөрдү эле жер көчүп, башым айланып кетти. Анан каткырып жибердим. Менин күлкүмдү уккандардын баары боору эзилгенче каткырышты. Уялганымды азыркыга чейин унутпайм. Ошол күнү кечке 2 бетим кызарып жүрдү.
Башка үйгө барыш кыйын экен. Ошол үйгө, ошол үйдүн эрежесине көнүш абдан кыйын экен. Мен канча кыйналдым. Кекиртегимден тамак өтпөй, өзүмдү бош алып жүрө албай, үйүмдү сагынып жүрдүм.
Учурда балдарым менен үйдөмүн. Эң улуусу кыз, аты Сабина, андан кийин Дастан. Кудайым буюрса, келечекте бир чакан бизнес ачсам деген тилегим бар.