Turmush — Бүгүн, 22-февраль күнү Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Бекмолдо айыл өкмөтүнө Чоң-Токой, Кеңеш, Сасык-Булак, Кара-Ой айылдары кирет.
Маалым болгондой, жыйындын биринчи бөлүгүндө айыл аймак башчысы Кубанычбек Каныбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Жыйындын экинчи бөлүгүндө айыл эли менен суроо-жоопко өтүштү. Суроо-жооп бөлүгүндө Каныбек аттуу айыл тургуну менен Сасык-Булак айылынын башчысы Өскөн Сүйөркулов урушуп кетишти. Ал жерде айыл өкмөттүн орду талаштуу деп, ызы-чуу жаралды.
Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Каныбеков бул жерде «оюн» болуп жатканын айтты.
«Бул жерде Жерүй алтын кениндеги компаниянын жетекчисинин саясий оюну. Мен таза иштегеним үчүн баарын далил менен бетине коюп бере алам. Ушул жерде мени иштеген жок деп жана башка жалаа жаап жаткандар бардыгы башында жардам алгандар. Баарына жардам берип келгенбиз. Качан гана «жок, буга алыбыз жетпейт» дегенде минтип арызданып жатышкандыр. Элим, адилеттүү караңыздар», - деди ал.