Turmush — Кочкор районунда Орток тоосунун жонунда Манас баатырдын ордосу бар экени айтылат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы ага кызыгып көрдү.
Кочкор өрөөнүндөгү Орток тоосу тоолордон бөлүнүп, орто жерде жайгашкан. Эл ичинде Зындандын таш короосуна жакын аралыкта, Орток тоосунун жонунда Манас баатырдын ордо ойногон жери жана каздырган ору (зындан, абак, түрмө) бар деген уламыштар айтылат.
Кочкор районунун тургуну, фермер Болот Асанбеков бул тоого чыгып, Манас баатыр каздырган зынданды (абак, түрмө) сүрөткө тартып алган.
«Тоого Кочкор-Ата мазарынын чыгышынан айланып, Кара-Булуң тарабынан чыгып жүрүшөт. Автоунаалар ал жерге жете албайт. Жөө барууга туура келет. Тоонун бетинде шилби, алтыкана, анда-санда тоо карагат, бөрү карагат кездешпесе, эч нерсе өспөгөн, жылаңач кара тоо. Бирок үстүңкү бетинде түркүн-түстүү гүлдөр, шиберлүү чөптөр өсүп, өзүнчө эле керемет жайык, түздүк кездешет.
Тоонун эң бийик жери деңиз деңгээлинен 3000 метр бийикте болот. Ал эми Манастын ордосу деңиз деңгээлинен 2850-2900 метр бийикте жайгашкан экен. Бирок ал кандай болгону белгисиз. Болгону Манастын каздырган зынданын (абак, түрмө) сүрөткө тартып алдым. Анын диаметри болжол менен 15 метр, тереңдиги 2,5 метр болот. Мен бул жерге метеорит түшсө керек деп ойлойм», - дейт ал.
Болот Асанбеков тоо бетиндеги түркүн түстүү гүлдөрдү сүрөткө тартып, ал жерге туристтерди да ээрчитип барган. Тоодо суур, коён, кекилик сыяктуу жандыктар жашайт. Айрыкча кашкулак менен сүлөөсүн көп кездешет.
Тарых изилдөөчү Кабылбек Жумабаев да бул тоого чыгып, Манас каздырган зынданды тапканын билдирди.
«Азыркы учурда анын тереңдиги 8 метр, түбүнө 6 же 12 адамды салса боло турган зындан экени көрүнүп турат. Кезинде мунун тереңдиги 20-22 метр болушу ыктымал. Батыштан-чыгышка 20 метр, түштүктөн-түндүккө 24 метр болуп, чым басып турат. Манастын ордо ойногон жери бар дешкен. Аны таба албай койдум», - деди.
Ортоктун тоосу Ор тоо, Ор турган тоо деген аталыштан Ортоо деп жүрүп, Орток аталышы да мүмкүн.