Turmush — Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 61 жаштагы тургуну Назгүл Стамакунова учурда сөөк терип иштеп жатат.
Анын айтымында, 1 кг сөөктү 5 сомдон өткөрөт. Бир мүшөгү 200 сомго чукул акча болот.
«Койлордукуна караганда бодо малдардын сөөктөрү салмак басат. Темир дагы терем. Аны 16 сомдон алып жатат.
Кошуналар мал сойгондо жүрөктөрүнөн эт беришет. Анда-санда нан сурайм. Азыр кар ээрип калды. Темир, сөөк, бөтөлкө терем. Айтор, акча боло турчуларды жыйнап жатам. Сөөктөрдү табуу үчүн кабат үйлөрдү кыдырам. Жолдорго, таштандынын четтерине ыргытып кетишет. Күн жылыса палас жууйм, жууркан каптайм.
Өзүм 1900 сом пенсия алам. Небереме жөлөк пул ала албай жатам», - деди ал.
Назгүл Стамакунованын номуру: 0706 37 37 61
Буга чейин Turmush басылмасы Назгүл Стамакунова 1 бөлмөлүү эски үйдө күн кечирип келе жатканын жазган.
Өзүнүн айтымында, бул тамы 1930-жыл мурун курулган. Учурда үйү кооптуу абалда турат. Кокус жер титирөө болсо, кулап калышы мүмкүн. Эски тамда өзүнөн башка жээн небереси дагы жашайт.
Назгүл Стамакунова 4 баланын энеси, эки уулу камакта. Бир кызы жакында эле каза болгон.
«Жакыр үй-бүлөбүз, каралаша турган адам жок. Эки уулум тең кесилип кетти. Үйдө неберем экөөбүз жашайбыз. 15 жашымда турмушка чыккам, жолдошум каза болуп калган.
Жалгыз бой болгондуктан жардам берүүнү өтүнөм. Каралашар кишим жок. Тамым жарылып жатат, качан кулап калат билбейм. Үстү түшкөнү калды. Устундары чирип калды. Башка баш калкалай турчу жер жок», - деди ал.