Turmush — Төө-Ашууда унаалардын узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочулар билдиришти.
«Төө-Ашуунун эки тилкесине тең инерттик материалдар себилген эмес. Мындан улам унаалардын тыгыны пайда болду. Дөңгөлөктөр тайгаланып, унаа араӊ жүрүп жатат», - деп билдиришти алар.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 21-февралда Бишкек—Ош унаа жолунун 124-чакырымында (Төө-Ашуу ашуу) жол тайгак болуп, унаа тыгыны пайда болду. Аны жоюу максатында Бишкек—Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан атайын унаа, 2 куткаруучу жана ӨКМдин Жайыл районунан капитан Улукбек Эргешбай уулу жетектеген ыкчам топ барган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.