Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Баткен облусу, Исфана 07.10.2019 10:01

Исфана шаарында наабайкана өрттөнүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында наабайкана өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Төрөкулбай ата көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жалпы аянты 28 чарчы метр наабайкана толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ал эми Кадамжай районунун Сур айылындагы мүрзөнүн аймагында 1 гектар куураган чөп күйүп кетти. Бул кырсыктын да себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×