Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Исфана 18.09.2018 13:25 На русском

Исфана шаарынын мэри болуп 60 жаштагы Абдивали Хамраев шайланды

Turmush -  Бүгүн, 18-сентябрда Исфана шаарынын мэри болуп 60 жаштагы Абдивали Хамраев шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Лейлек районунун акимчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, шайлоо бүгүн өтүп, мэрлик кызматка КСДП партиясынан Абдивали Хамраев менен «Республика» партиясынан Акжол Касымов ат салышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Абдивали Хамраев 16 добушка ээ болсо, Акжол Касымов 14 добуш алды.

(Абдивали Хамраев)

ere

Абдивали Хамраев мындан мурда Лейлек районунда акимдин орун басары болуп иштеген. Мамлекеттик кызматтарда 34 жылдан бери иштеп келет. Акыркы учурда Лейлек райондук айыл чарба департаментинин башчысы болуп эмгектенип келген.

Исфана шаарынын мэри Абдулмыхтар Анарботоев 24-август күнү өз арызы менен иштен кеткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×