Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Исфана 25.06.2018 15:14 На русском

Фото — Баткенде 1 кг жакын героин сактап жүргөн депутат кармалды

Turmush -  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдөгү баңгизатты жана аны мыйзамсыз жүгүрткөн адамдарды аныктоого багытталган атайын операция жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын өкүлдөрүнүн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү баңгизатты жүгүртүүнү көздөп жаткан шаардык кеңештин депутаты тууралуу билдирүү келип түшкөн.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 24-июнда жүргүзүлгөн оперативдүү текшерүү иштеринде укук коргоо кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Исфана шаарынан шаардык кеңештин 1963-жылы туулган депутаты У.М. кармалды. Ал баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү линиясы боюнча ИИМдин оперативдик тизмесинде каттоодо турат. Анын жашаган үйүндөгү көмүр сакталган жайды текшерүүдө 960 грамм салмактагы зат (болжол менен героин) табылды. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн козголгон кылмыш иштин алкагында кошумча иликтөө иштери аткарылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×