Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Нарын

Ак-талаалыктар объектилердин 4 жыл мурун башталган курулушун бүтүрүүнү суранышты (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун жашоочулары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир катар эл өкүлдөрүнөн райондо 4 жыл мурун башталган курулуштарды бүткөрүп берүүнү суранышканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 20-март күнү Ак-Талаа жергесине келген Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган эл өкүлдөрүнө жана министрликтердин өкүлдөрүнө райондун айрым тургундары ачуу чындыкты айтып, бир нече көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышты. Алар Чолок-Кайың айылындагы орто мектептин, Кош-Дөбө айылындагы спорт залдын, Терек айылындагы спорт залдын, райондук архивдин имаратын жана Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептин имаратына мындан 4 жыл мурун капсула салынып башталгандыгын, бирок мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай, акча каражаты бөлүнбөгөндүктөн улам учурда курулуш иштери токтоп тургандыгын айтышты.

Ошондой эле Ак-Талаа районунун бардык айылдарын бийик тоолуу аймакка киргизүүнү, Кош-Дөбө — Казарман унаа жолундагы 35 чакырым жолдун каралбай калгандыгын, жаштарга турак жай салууга жер берилбей жаткандыгын айтышты. Андан сырткары, Кош-Дөбө жана Ак-Тал айылдарында бала бакчалар жок экендигин билдиришип, бала бакча салуу керектигин айтып чыгышты.

Үгүт айылынын тургундары Жылуу-Суу чөлкөмүнүн Ала-Буга суусунун жээгинде кытайлардын алтындын запасын издөө жана чалгындоо, казуу иштери башталып жактандыгын айтышып, бул ишке каршылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1969
Көп окулду
×