Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баткен

Исфанада 9 айыл өкмөттүн арасында өткөн «Эр жигит» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында 9 айыл өкмөттүн арасында «Эр жигит» аталышындагы кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Суу маданият үйүнүн жетекчиси Зафаржон Каххаров билдирди.

Анын айтымында, сынак алгач ар бир айыл өкмөттө мектептер арасында өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар райондук турга катышты. Мелдешке катышкан жигиттер 5 шарт боюнча — саламдашуу, суроо-жооп, тамак жасоо, патриоттук ырларды аткаруу жана ак көйнөкчөн кыздар менен бийлөө боюнча ат салышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгында 1-орунду Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү Курулуш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Сыймык Шамуратов жеңип алды. Жеңүүчүгө баалуу белектер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1522
Көп окулду
×