Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ош

Фоторепортаж — Кокон хандыгы менен Россия падышачылыгындагы акча бирдиктер

Turmush -  Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде жез тыйындардан берки акча бирдиктери көргөзмөгө коюлду.

Музейдин өкүлдөрүнүн айтымында, көргөзмөгө Караханий династиясында, Тимурий доорунда пайдаланылган жез тыйындар, СССРге таандык, Россия падышачылыгы учурундагы акча бирдиктери, Манастын 1000 жылдыгына, Оштун 3000 жылдыгына арналып чыгарылган тыйындар чыгарылган.

Нумизматикалык мурастардын көргөзмөсүнүн негизги максаты — жаш муунду акча бирдиктери менен кенен тааныштыруу экенин музейдеги экспонаттарды сактоочу кызматкер Манзура Жуманазарова билдирди.

«Атайын тыйындар, акча бирдиктери тууралуу көргөзмө уюштурдук. Жаштар мурунку акча бирдиктерин жакшы билбей калышты. Аларды тааныштыруу максатындагы көргөзмө 2 айга созулат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10463
Көп окулду
×