Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Баткен

Исфанадагы мал базарда тирүү карышкырды сатыкка койгон адамга айып салынды

Turmush -  Исфана шаарындагы мал базарда тирүү карышкырдын сатыкка коюлушу боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар маалымдады.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда шаардагы мал базарга жергиликтүү тургун тирүү карышкырды алып чыгып, сатыкка койгон. Аталган факты боюнча Баткен облустук жаратылышты коргоо жана пайдалануу департаментинин Лейлек районундагы өкүлчүлүгү тарабынан териштирүү иштери жүрүп, карышкырды сатууга аракет кылган Исфана шаарынын Самат айылынын тургунуна мыйзам чегинде айып пул салынып, иш сотко өткөрүлдү.

Окуя тууралуу:

16-ноябрда Баткен облусунун Исфана шаарындагы мал базарда тирүү карышкыр сатыкка коюлгандыгын жергиликтүү тургун Өктөм Таштемиров билдирген.

Анын айтымында, карышкырды сатыкка алып келген адам аны капканга түшүрүп кармагандыгын айткан. Карышкырды сатып алууну каалагандар көп болуп, эң кымбат баалаган кардар 25 миң сом бермек болгон. Бирок карышкырды кармаган адам аны 40 миң сомго сата тургандыгын айтып, 25 миң сомго сатпай кайра алып кеткен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2494
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×