Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баткен облусу, Исфана 15.11.2017 12:50

Лейлектеги кырсыктан жабыркагандар ооруканада жатышат

Turmush -  Кечээ, 14-ноябрда Лейлек районунун Тогуз-Булак айылындагы унаа кырсыктан жабыркаган 8 адам Исфанадагы ооруканада дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп жатат. Бул тууралуу башкы дарыгердин орун басары Айбек Гадайбаев билдирди.

Анын айтымында, 8 адамдын ичинен жетөөсү сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан Кызыл-Кыя шаарынын 1966-жылы туулган тургуну Б.Өмүркандын абалы оор бойдон калууда. Анын мээсине кан уюп калгандыктан 14-ноябрь күнү кечинде башына атайын операция жасалды.

Кырсыкка кабылган унаалар

Окуя тууралуу:

Кечээ, 14-ноябрда Лейлек—Исфана унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болуп, 8 адам оор жаракат алгандыгы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, кырсык эртең менен саат 08:00 чамасында Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында катталып, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «Жигули» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам ошол жерде каза болуп, 8 адам Исфана аймактык ооруканасына жеткирилди. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, учурда операциялар жасалып жатат.

Кийинчерээк кырсыктан жабыр тарткандардын ысымдары белгилүү болгон:

- И.Шааркан, 1980-жылы төрөлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- А.Исламбек, 2012-жылы төрөлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- Б.Өмүркан, 1966-жылы төрөлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- У.Башарат, 1967-жылы төрөлгөн, Өзбекстандын Гулистан шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө жатат;

- У.Атабек, 1998-жылы төрөлгөн, Өзбекстандын Гулистан шаарынын тургуну, травматология бөлүмүндө жатат;

- Ж. кызы Жаркынай, 1999-жылы төрөлгөн, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, травматология бөлүмүндө жатат;

- Н.Нурболсун, 2013-жылы төрөлгөн, Лейлек районунун Самат айылынын тургуну, травматология бөлүмүндө жатат;

- Н.Урматай, 1967-жылы төрөлгөн, Лейлек районунун Самат айылынын тургуну, травматология бөлүмүндө жатат;

Каза болгондор:

- М.Муса, 1986-жылы төрөлгөн, Лейлек районунун Маданият айылынын тургуну, унааны айдап бара жаткан. Кырсык болгон жерде мерт болгон;

- А.Шермамат, 1987-жылы төрөлгөн, кырсык болгон жерде мерт болгон;

- Х.Хусанбай, 1948-жылы төрөлгөн, Өзбекстандын Сардоба айылынын тургуну, кырсык болгон жерде мерт болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×