Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Баткен

Исфанадагы мал базарда жылкылар 50 миң сомго чейин сатылууда

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарындагы мал базарда койлор эттүүлүгүнө жараша 8 миң сомго, уйлар 35 миң сомго чейин, жылкы 50 миң сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Базардын чек сатуучу кызматкери Нурмат Разыковдун айтымында, ар бейшембиде базарга 500гө жакын мал киргизилет. Базарда Тажикстандан, Баткен районунан келген кардарлар дагы соода кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1436
Көп окулду
×