Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Баткен облусу, Исфана 01.09.2017 11:10

Лейлектеги күрөштө «Мерседес» унааларды уткан балбандар белгилүү болду

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында Эгемендүүлүк майрамына карата байгесине «Мерседес» үлгүсүндөгү 2 унаа коюлган күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Исфана шаардык мэриясынын маалыматына караганда, мелдештин жыйынтыгында 80 кг чейинкилер арасында 1-орунду Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну Эсен Кудайбердиев ээлеп, унаалардын бирин алды. 80 кг ашык салмактагылар арасында 1-орунду Лейлек районунун Раззаков айылынынын тургуну Нургазы балбан ээлеп, экинчи унаага ээ болду.

Андан сырткары, 50 кг салмакта 1-орунду алган балбанга 3 тонна көмүр жана 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Улуттук күрөш боюнча мелдеш Эгемендүүлүк майрамына жана өлкөнүн, Орто Азиянын бир нече жолку чемпиону Абдырахман балбандын жаркын элесине араналып уюштурулган. Ага Тажикстандан да балбандар келип катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×