Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баткен облусу, Исфана 31.08.2017 16:48

Лейлекте Эгемендүүлүк майрамында 2 «Мерседес» коюлган күрөш уюштурулду (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата баш байгеге 2 унаа коюлган улуттук күрөш боюнча мелдеш өтүп жатат.

Исфана шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Тажикстандын Худжанд шаарынан коноктор келишкен иш-чарага И.Илмиянов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты.
Андан соң майрамдык салтанат Лейлек районунан чыккан таланттуулар жана Бишкек шаарынан келген эстрада жылдыздарыны концерттик программасы менен коштолду.

Учурда башкы байгеге «Мерседес» үлгүсүндөгү 2 унаасы коюлган улуттук күрөш боюнча мелдеш өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×