Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баткен облусу, Исфана 02.06.2017 11:23

Исфанада майып балдарга майрам уюштурулду

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыптандыруу борборунда 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү.

Мекемеден билдиришкендей, тарбияланып жаткан балдар өздөрүнүн ыр-бийлерин аткарышты. Майрамдык иш-чаранын экинчи бөлүгүндө балдардын жана ата-энелердин арасында эки команда түзүлүп, спорттук оюндар өткөрүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Лейлек районунун жетекчилиги акчалай сыйлык жана ар бир балага таттуу белектерди тапшырды. Маданият бөлүмүнүн китепканачылары тарабынан балдарга куурчак театры тартууланып, балдардын көңүлүн көтөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×