Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Баткен

Фото - Исфана—Сүлүктү унаа жолунда жер көчкү жүрдү

Turmush -  Бүгүн, 9-апрелде саат 10:55 чамасында Исфана—Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымын жер көчкү тосуп калды. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 10 миң метр кубга жеткен. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, жер көчкүдөн адамдар жана турак үйлөр жабыр тарткан жок.

Көчкү түшкөн аймак №13 жол тейлөө ишканасынын балансында турат. Ишкана жолду көчкүдөн тазалоо иштерине керектүү техникаларды бөлүп, жеңил унаалар өтүүчү жол ачылды.

Аталган аймакты жеринде көрүү максатында ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы К.Курганбаев жетектеген ыкчам топ чыгып кетишти. Учурда жарандык коргоо комиссиясы дагы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

А 1

А 2

А 3

А 4

А 5

А 7

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2117
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×