Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баткен облусу, Исфана 06.04.2017 09:04

Исфанада арабдардын жардамы менен ФАП курулуп жатат (фото)

Turmush -  Исфана шаарынын Самат айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун имараты курула башталды. Бул тууралуу Исфана шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын курулушу Кувейттин кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда. Жалпы суммасы 18 млн сомду түзгөн бул имараттын аянты 240 чарчы метр болуп, 8 бөлмөдөн турат. Бул мекемеде Исфана шаарына караштуу Самат, Беш-Бала, Калта-Кол айылдарынын 2600дөн ашуун жашоочуларына медициналык кызмат көрсөтүлөт.

ФАПтын курулушуна демөөрчүлөрдү Исфана шаарына караштуу Беш-Бала айылында чоңойгон, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы, Египеттеги, Түштүк Африка Республикасындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×