Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баткен облусу, Исфана 05.04.2017 18:06

Исфананы көрктөндүрүү максатында 650 түп арча отургузулду

Turmush -  Исфана шаарында жарыяланган көрктөндүрүүнүн 3 айлыгында 650 түп арча отургузулду. Бул тууралуу Исфана шаардык мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Исфана шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жолдун четине көчөттөр отургузулуп жатат. Ошону менен бирге, эскилиги жетип, кооптуу абалда болгон жана коркунуч жараткан теректер кыйылды. Алардын ордуна шаардын аймагында ийне жалбырактуу дарактардын санын көбөйтүү пландалып жатат.

Ошондой эле, шаар мэриясы арчаларга кам көрүүчү «Лейлек тазалык» муниципалдык ишканасынын, тийиштүү кызматкерлердин жана жолдун боюндагы менчик соода-сатык түйүндөрүнүн ээлеринин жоопкерчилигин күчөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×