Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Баткен

«Мекендештер»: Исфаналык Х.Атабекова Москвадагы мейманканада 6 жылдан бери эмгектенет (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы – Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын 41 жаштагы тургуну Ханайым Атабекова.

Ал 6 жылдан бери Москва шаарындагы мейманканада тазалыкка жооптуу кызматкер болуп эмгектенет.

WhatsApp Image 2017-03-22 at 14.19.17

«Москвадагы мейманканада 2 күн иштеп, 2 күн эс алам. Биздин үстүбүздөн караган киши талапты катуу коёт. Жумушум оор эле. Мейманкананын 22 уктоочу бөлмөсүн жууп-тазалап, кечинде саат 18:00дөн кийин үйгө кетебиз. Бул жерден айына 35 миң рубль өлчөмүндө маяна алам. Бош убактымда спорт залына барам. Келечекте Кыргызстанга келип, өз алдымча иш баштасам деген тилегим бар», - деди ал.

Мекендешибиз учурда 2 кыз, 1 уулдун апасы жана 2 неберенин таенеси.

«Улуу кызым учурда үй-бүлөлүү. Уулум болсо студент. Кичүү кызым мектепте 3-класста окуйт. Ал мектепте алдыңкы окуучулардын бири. Балдарым менен дайыма сыймыктанам», - деди Х.Атабекова.

WhatsApp Image 2017-03-22 at 14.19.16

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1752
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×