Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Баткен облусу, Исфана 18.03.2017 15:48 На русском

Айыл турмушу: 2 балага тарбия берип жаткан 23 жаштагы Динара тубаса өнөрү менен жасаган кооз буюмдар (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында өскөн Бегали кызы Динара үйүндө 2 кызына тарбия берүү менен ар кандай кооз буюмдарды жасоого жетишет. Динара кыздар үчүн жасаган чынжырча, шакек, колго таккыч сыяктуу эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

23 жаштагы Динара аталган шаардагы орто мектептен билим алган. Кол өнөрчүлүктү эч кимден үйрөнгөн эмес.

«Мындай сөйкө, шууруларды жасоону өз алдымча үйрөндүм. Кооз буюмдарга кичине кезимде кызыгып, бош убактымда ар кандай буюмдарды жасап жүрчүмүн. Кызыккандар 1 айдан бери буйрутма берип жатышат. Жасаган буюмдарымдын баалары 100 сомдон 500 сомго чейин. Мындай кооз буюмдарды жасоо өтө майда иш болгондуктан сабырдуулукту талап кылат», - деди ал.

Учурда Динаранын эмгектерине кызыгып буйрутма бергендер көбөйүп жатат. Ошондой эле, анын өнөрүн үйрөнүүнү каалаган кыздар көп.

Д.Бегали кызы үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусу. Учурда жолдошу экөө 2 кызга тарбия берип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×