Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Исфананын тургуну апасынын үйүнө ачкан бала бакчада 60 тарбияланууда

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарындагы «Бабухал апа» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 2 бала акысыз тарбияланууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Абдулаким Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкер Асылбек Азизбаев өзүнүн апасынын эски үйүн оңдоп-түздөп, бала бакча уюштурган. 2016-жылдын июнь айынан тарта иштей баштаган бала бакчада учурда 60 бала тарбияланууда.

Чоң тайпанын балдары үчүн атайын мектепке чейинки даярдоо жүргүзүлүп, кыргыз, орус тилдеринде сабак өтүлөт. Бала бакчада 15 күндө бир жолу балдар жаткан төшөктөр тазаланып, ай сайын атайын дезинфекциялоодон өткөрүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 973
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×