Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Исфана 09.03.2017 12:36

Исфанада окуучуларга суицидден алыс болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Баткен облусунун Исфана шаарындагы окуучуларга суицидден алыс болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Исфана хатибиятынын кызматкери Мамарасул Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, жыйынга укук коргоо кызматынын өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана дин кызматкерлери катышты. Окуучулар адистерден өздөрү кызыккан суроолорго жоопторду алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×