
Turmush - Баткен облусундагы Исфана шаарынын бюджети 53 млн 374 миң 500 сом менен бекитилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн шаардык кеңештин кезектеги сессиясында шаар мэринин 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету угулду. Сессияга жалпы 31 депутаттан 27 депутат катышып, отчёт бир добуштан жактырылды.