Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Лейлекте балдарга туура тарбия берүү маселеси талкууланды

Turmush -  Кечээ, 1-февралда Лейлек районунун билим берүү борборунун жетекчилиги менен райондук деңгээлде окуу семинары өттү. Бул тууралуу Баткен облустук казыятынын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, Исфана шаарынын мэри Абдумухтар Анарботоев, Лейлек районунун башкы имамы Медербек ажы Намазбаев, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, мектеп жетекчилери, аксакалдар жана башка мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жыйында тарбия берүүдөгү көйгөйлөр жана балдарды жаман жолдордон сактоо жолдору талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2012
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×