Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Баткен облусу, Исфана 18.01.2017 09:40

Айыл турмушу: Исфаналык К.Ысакова кагаздан ар кандай сувенирлерди жасайт (фото)

Turmush -  Исфаналык Каухар Ысакова кроссворд, кейворд, филворддорду түзүп, кагаздан ар кандай сувенирлерди жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кагаздан ар кандай жаныбарларды же жаратылыштагы кооздуктарды чагылдырат. Исфана шаарындагы Ю.Гагарин атындагы орто мектепти аяктаганда аталган шаардагы кесиптик лицейден бухгалтер, ашпозчу жана чачтарач кесиптерине окуган. Азыр райондук китепканада иштейт. Кагаздан жасаган буюмдары менен Бишкекте, Ошто, Тажикстанда өткөн бир катар көргөзмөлөргө, сынактарга катышып, байгелүү орундарды алган.

2016-жылдын июль айында кол өнөрчүлөрдүн Бишкекте өткөн эл аралык көргөзмөсүндө Индиянын Кыргызстандагы элчиси Каухардын колдо жасаган буюмдарын жогору баалап, атайын сатып алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×