Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Баткен

Авиакырсыктан каза болгон баткендик үй-бүлө Чүй облусунда жерге берилет

Turmush -  Кечээ, 16-январда Дача-Суудагы авиакырсыктан каза болгон баткендиктер Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер жаңы конушундагы көрүстөнгө бүгүн көмүлөт. Бул тууралуу Исфана шаарынын мэри Абдулмухтар Анарбаевдин кабарлады.

Анын айтымында, каза болгон Шералиевдердин үй-бүлөсү көп жыл мурда Баткен облусунун Исфана шаарынан Чүй облусуна көчүп кетишкен.

«Каза болгон Шералы уулу Уларбектин атасы Шералы Сатыбалдиев Кызыл-Аскер конушунда жашайт. Ал уулун жана анын үй-бүлөсүн Чүйдө жерге бере турган болду», - деди ал.

Шералиевдердин үй-бүлөсүндө жалпы 5 киши болгон. Жалгыз уулу Жакшылык Шералиев эртең менен дааратканага баруу үчүн сыртка чыгып, учак кулаган учурда аман калган. Калгандары каза болуп калган.

Буга чейин кечээ, 16-январда Дача-Суу айылындагы авиакырсыктан каза болгон 37 адамдын ичинен төртөө Лейлек районундагы Исфана шаарынын Кара-Таш айылынын тургундары экени такталган.

Каза болгон үй-бүлө:

- Шералиева Айпери, 2015-жылы төрөлгөн;

- Шералиева Сабина, 2012-жылы төрөлгөн;

- Шералы уулу Уларбек, 1990-жылы төрөлгөн;

- Жуманали кызы Акмарал, 1990-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4902
Көп окулду
×